АБА БУРАЛГЫСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:47, 29 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБА БУРАЛГЫСЫ пропеллер (лат. propellere - айдоо, түртүү) – айланганда абаны артка шилөө менен тартуу күчүн пайда кылуучу калактуу жылдыргыч. Аба буралгысын 1475-жылы Леонардо

Файл:АБА БУРАЛГЫСЫ7.png

да Винчи сунуш кылган, 1912-жылы Н. Е. Жуковский өрчүткөн. Аба буралгысы кыймылдаткычтын огуна кийгизилген күпчөктөн жана ага бекитилген түрдүү түспөлдөгү калакчалардан турат. Ал учуучу, аба жаздыктуу аппараттарда, аэрочанада колдонулат. Кыймылдаткычынын кубаттуулугуна жараша эки, үч жана көп калакчалуу болуп жасалат. Тартуу күчүн чоңойтуучу жана кубаттуулуктун коромжусун азайтуучу октош (кийиштирилген) жана бири-бирине тескери айланган аба буралгысы пайдаланылат.