АБА БУРАЛГЫСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:05, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБА БУРАЛГЫСЫ пропеллер (лат. propellere - айдоо, түртүү) – айланганда абаны артка шилөө менен тартуу күчүн пайда кылуучу калактуу жылдыргыч. А. б-н 1475-ж. Леонардо

Файл:АБА БУРАЛГЫСЫ7.png

да Винчи сунуш кылган, 1912-ж. Н. Е. Жуковский өрчүткөн. А. б. кыймылдаткычтын огуна кийгизилген күпчөктөн жана ага бекитилген түрдүү түспөлдөгү калакчалардан турат. Ал учуучу, аба жаздыктуу аппараттарда, аэрочанада колдонулат. Кыймылдаткычынын кубаттуулугуна жараша эки, үч жана көп калакчалуу болуп жасалат. Тартуу күчүн чоңойтуучу жана кубаттуулуктун коромжусун азайтуучу октош (кийиштирилген) жана бири-бирине тескери айланган А. б. пайдаланылат.