«АРТХАШАСТРА»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:22, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«АРТХАШАСТРА» (санскр. – пайдалуу жашоо жөнүндөгү илим) – байыркы индиялык трактат; мамлекетти башкаруу маселелери боюнча көрсөтмөлөрдүн жыйнагы. Болжол менен б. з. ч. 4-кылымдан – б. з. 2–3-кылымдарда жазылган. Анын негизин Каутильо түзүп, кийинчерээк башка авторлор тарабынан толукталган. Изилдөөчүлөр «Артхашастраны» мааниси боюнча үч темага бөлүшөт: акылдуу падышанын ишмердүүлүгү жана вазийпалары; башкаруу жана укук; согуш жана дипломатия маселелери. «Артхашастра» – Байыркы Индиядагы коомдук мамилелер, экономикалык, саясий институттар жөнүндөгү булак болуп саналат.