«АНАР» балети

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:02, 22 Май (Бугу) 2023 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«АНАР» – кыргыз балети. Либреттосу К. Эшмамбетов менен Н. С. Холфиндики. Музыкасы композитор В. А. Власов менен В. Г. Ференики (балетти койгон – Н. С. Холфин жана В. В. Козлов, дирижёру – В. И. Чернов, сүрөтчүсү – Я. 3. Штоффер). 1940-жылдын 7-ноябрында Фрунзедеги музыкалык драма театрында коюлган. «Анар» балети – кыргыз хореография өнөрүндөгү саамалык. Мында Октябрь революциясына чейинки турмуштук көрүнүштөр сүрөттөлөт. Окуя бир айылдын сулуусу Анар (А. Молдобаева, Г. Худайбергенова) менен койчу жигит Кадырдын (А. Мамакеев) тунук махабатынын жана алардын бактысына бөгөт болгон карамүртөз, ачкөз манап Багыштын (Г. Автандилов) ортосундагы күрөштүн айланасында өнүгөт. Балет 1957-жылы 2-жолу редакцияланып, кыргыз адабияты

Файл:«АНАР» 70.png
«Анар» балетинен көрүнүш. 1957-ж.

менен искусствосунун Москвада өткөн 2-декадасында (1958) көрсөтүлгөн (Анар – Б. Бейшеналиева, А. Хандранова, Кадыр – У. Сарбагышев, Батыш – А. Карасев, Б. Суслов, балетмейстери - Н. С. Холфин, дирижёру – К. Молдобасанов, сүрөтчүсү – А. Молдахматов). «Анар» азыркы күнгө чейин театр сахнасында коюлуп келе жатат.