«АЛТАН ТОБЧИ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
14:17, 18 Июль (Теке) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 (Алтын топчу) – о. кылымдарга таандык монгол тилиндеги кол жазма. Кол жазманын толук аталышы – «Хандардын теги тууралуу алтын санжыра». Монголдордун үч ири тарыхый чыгармаларынын бири («Асыл санжыра», «Монголдордун купуя тарыхы»). «А. т-нин» эки нускасы бар. Аларды бири-биринен айырмалоо үчүн «Улуу алтан тобчи», «Кичи алтан тобчи» деп шарттуу түрдө аташат. Чыгарманын алгачкы нускасынын автору белгисиз. Ал болжол м-н 17-к-дын башында жазылган. Монголдорго будда дини таралгандан кийин жазылгандыктан, негизинен диний мүнөздөгү чыгарма. Анда Будда дининин дүйнөдө пайда болушу ж-а адам баласынын жаралышы  тууралуу мифтик баяндар, о. эле Индия, Тибеттин алгачкы башкаруучулары тууралуу уламыштар м-н катар монголдордун тарыхы да берилген. Чыгармадагы Чынгыз хан, Үгөдөй, Хубилайдан тартып, Линданханга чейинки 270 жыл ичиндеги окуяларды баяндаган бөлүгү тарых илими үчүн өзгөчө баалуу. «А. т-нин» экинчи нускасы монгол ламасы Лубсан Данзан тарабынан 1240-ж. жазылган «Монголдордун купуя тарыхындагы» чыгармада енисейлик кыргыздар, ойроттор, кыпчактар ж-дө да маалыматтар кездешет.