«АЛМАЗ» радиосу

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:03, 17 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«АЛМАЗ» ‒ жергиликтүү мамлекеттик радио уктурууга алгач альтернатива катары пайда болгон маалымдоо каражаттарынын бири. 1992-жылдын 15-июнунда Чүй өрөөнүнүн радио угармандарына биринчи берүүлөрүн тартуулаган. 1993-жылдын 13-апрелинен тартып борбордук радио тармагынан үзгүлтүксүз уктурулат. Ал республиканын Маданий фонду тарабынан уюштурулган. Программалары кыргыз ж-а орус тилдеринде жүргүзүлүп, дүйнө элдеринин музыкасы, «Медициналык саат», «Тамашалуу маек» жана башка ушул сыяяктуу рубрикалар менен обого чыгып турат.