«АКЫЛ КАРАЧАЧ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
‒  фольклордук каарман. А. уламыш б-ча Жаныбек хандын доорунда жашаган Жээренче чечендин келини. Ошондуктан көпчүлүк окуяларда экөөнүн ысымы катар жүрөт. А. даанышман, кара кылды как жарган калыс, акылдуу ж-а сөзмөр делип сүрөттөлөт. Ал Жээренче чеченди ырайымсыз хандын каарынан айла-амалы, акылы м-н кутултат. Акылга сергек, сөзгө чебер А. алакөөдөн, акылсыз ханды сөзгө жыгып, өз эркиндигин да коргоп калат. А-тын образы элдин таза, нукура көз карашын, келечек идеалын чагылдыргандыгы м-н баалуу.