«АКБЕРМЕТ» поэмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:47, 14 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«АКБЕРМЕТ» – кыргыз элдик поэмалардын бири. Акбермет Карагул кызынын өмүр баяны жана анын чыгармалары жөнүндө маалымат берет. Аны алгач фольклор жыйноочу К. Миф­таков 1923‑ж. Талас өрөөнүндө элдик оозеки чыгармаларды жыйнап жүргөн учурда жолук­туруп, өмүр баянын, чыгармаларын жазып ал­ган. Акбермет Карагул кызы 1899‑ж. төрөлүп, балалыгы оор турмушта өтөт. Анын ырлары негизинен арман мотивинде айтылып, бакты­сыз балалыгы, чыркырап күйгөн жаштыгы, теңсиз турмушу образдуу көркөм сүрөттөлгөн.