«АЙГҮЛ» фильми

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:05, 17 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«АЙГҮЛ» – кыргыздын туңгуч толук мет­раждуу көркөм фильмдеринин бири. 1937‑ж. борбордук «Союздетфильм» киностудиясы тарабынан тартылган. Кыргыз аялдарынын кулчулуктан жана көз карандылыктан кутулуп, эркин жа­шоого баш койгондугун баяндайт. Сценарийи И. Вершининдики, реж. Ю. Васильчиков, оператору – Б. Монастырский, сүрөтчүсү – В. Пан­талеев, композитору – К. Корчмарев. Роль аткаргандар: Айгүл – Т. Зейферт, Мустафа ­П. Гладжиев, Лу Си‑я – Н. Мучирин, Ороз ­А. Боталиев, Ярматов – Т. Хожаев, Вовсенко ­Б. Баратов, Саид – А. Ким.