«АЙГЫР ЖЫГАР»
«АЙГЫР ЖЫГАР» – үйлөнүү тоюнда аткарылуучу жөрөлгө. Кызды күйөөгө узатууда анын сиңдилери күйөө баланын (жездесинин) жолун тороп, жөрөлгөсүз кетирбей убара кылышкан. Күйөө бала аларга белек берип кутулган. А. көбүнчө кыргыздардын түн. урууларынын үйлөнүү тоюнда аткарылган.