«АВТОМАШ-ЭКОЛ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:53, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«АВТОМАШ-ЭКОЛ» ‒ жабык акционердик коом (1997). «Кыргызавтомаш» акционердик коому менен «Уkol Akumulator Sanaii ve ticaret limited sirketi» Түркия фирмасынын ортосундагы макулдашылган келишимдин негизинде уюшулган. Автомобиль жана тракторлор үчүн коргошун -кислоталуу стартердин, аккумулятордун батареяларын жасап чыгарат. Жылдык кубаттуу лугу 25 000 аккумулятор батареяларын жасап чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Эл аралык көргөзмө -ярмаркаларда ишкананын продукциясы бир нече жолу Алтын медаль менен сыйланган.