«АБРИСКИЛ» эпосу

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:48, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«АБРИСКИЛ» – абхаз элинин баатырдык эпосу. Эпосто Абрискил баатырдын элин сүйгөндүгү, теңдик ж-а бакыт үчүн күрөшү чагылдырылат. Кудайга тобо кылып сыйынбаганы үчүн Абрискилге Кудай периштелерин жиберип, аны чынжыр менен үңкүрдөгү темир мамыга байлатып коёт. 19-кылымдын 70-жылдарынан тартып «Абрискилдин» түрдүү варианттары жазылып, орус тилинде жарыялана баштаган.