«АБРИСКИЛ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:09, 22 Май (Бугу) 2023 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«АБРИСКИЛ» – абхаз элинин баатырдык эпосу. Эпосто Абрискил баатырдын элин сүйгөндүгү, теңдик жана бакыт үчүн болгон күрөшү чагылдырылат. Кудайга тобо кылып сыйынбаганы үчүн Абрискилге кудай периштелерин жиберип, аны чынжыр менен үңкүрдөгү темир мамыга байлатып коёт. 19-кылымдын 70-жылдарынан тартып «Абрискилдин» түрдүү варианттары жазылып, орус тилинде жарыялана баштаган.