, Аа– 1) латын, Кирилл графикасын колдонгон элдердин, а. и. кыргыз элинин алфавитиндеги биринчи тамга.
| Жазуунун түрү
|
Белгиси
|
Мезгили
|
| Орхон-Енисей жазуусу
|
|
V - Х-к.
|
| Араб алфавити
|
1
|
XVIII к - 1927-ж.
|
| Латын алфавити
|
А а
|
1927 - 1941-ж.
|
| Орус (кириллица) алфавити
|
А а
|
1941-жылдан
|
Адегенде байыркы финикия жазмасында жаралып, кийин байыркы грек графикасы аркылуу латын алфавитине, андан кириллицага өткөн; 2) кыргыз адабий тилиндеги кең, жоон, ачык, кыска, созулма (А тамгасынын эки ирет жазылышы аркылуу туюнтулат) үндүү тыбышты билдирет; 3) байыркы кыргыз (түрк) жазмасында -Г сөлөкөтүндө жазылган. Сүйлөм тутумунда байламта катары да колдонулат; 4) чет тилдерден кирген сөздөрдүн башында кыргызча «сыз» мүчөсүндөй терс маанини туюндурат (мис., алогикалык - логикасыз; асимметрия - симметриясыз); 5) иретти туюнтууда «биринчи» деген маанини билдирет.