АК-КОРГОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:50, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-КОРГОН – Жалал‑Абад облусунун Ала‑Бука районундагы кыштак. Ак‑Коргон айыл аймагынын борбору. Райондун борбору Ала‑Бука кыштагынан 17 км түштүк-чыгыш тарапта. Наманган темир жол бекетинен 65 км. 1900‑жылга чейин отурукташкан. Де­ңиз деңгээлинен 1180 м бийиктикте жайгашкан. Кал­кы 8 175 (2022); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, лицей, китепкана, эки бала бакча, маданият үйү бар. Турмуш‑тири­чилик комбинатынын бөлүмдөрү, оорукана, да­рыкана, тегирмен, май чыгаруучу цех иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор­го эстелик тургузулган.