АК-КОЙЛУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:49, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-КОЙЛУУ (түрк. – Ак‑Коюнлу) – 14–15‑кылымдарда Тигр дарыясынын баш жагындагы жерлерди мекенде­ген огуз‑түрк урууларынын бирикмеси жана ошол бирикменин башында турган династиянын ата­лышы. Ак-Койлуулар тууралуу алгач 1340‑жылы Визан­тия хроникаларында эскерилет. Узун‑Хасандын тушунда (1453‑78) Кара‑Койлуулар мамлекетин талкалап (1468), Арменияны, Азербайжанды, Батыш Иранды, Иракты басып алып, борбору Теб­риз шаары болгон мамлекет түзгөн. Ак-Койлуу мамлеке­тинин эл аралык саясатта кадыр‑баркы жого­рулап, 1463‑жылы Венеция, Рим папасы жана Венг­рия Ак-Койлуу менен Осмон империясына каршы союз түзүшкөн. 15‑кылымдын аягында өлкөнүн ичиндеги жер ээлеринин өз ара согуштары, элдин наара­зылыгы Ак-Койлуу мамлекетин начарлаткан. 16‑кылым­дын башында Исмаил Сефеви башында турган кызыл баштар (көчмөн түрк уруулары) Ак-Койлуу мамлекетин талкалап, каратып алышкан жана Исмаилди шах көтөрүшүп, Сефевиддер мамле­кетин негиздешкен.