АЙЫР ТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:47, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙЫР ТОО – суу бөлгүч кырка тоолор. Алар суу алаптарын же суу башаттарын бөлүп турат. Мисалы, Борбордук Теңир‑Тоодогу Ак‑Шыйрак кырка тоосу Нарындын жана Таримдин алаптарын бөлүп турат. «Айыр» деген түшүнүк башка тилдерде да кеңири таралган, бирок түрдүү маанилерди берет: азербайжанча «айрыж» – жол тоому, алтайча, өзбекче «айры» – шаңшаар, капчыгай. Казакстанда Аир наамындагы көптөгөн тоолор жана ашуулар бар; монголчо «айрик» – жапыз тоо, дөбө маанисинде, к. Суу бөлгүч.