АЙЫЛ ЧАРБАСЫН МЕХАНИКАЛАШТЫРУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:30, 12 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙЫЛ ЧАРБАСЫН МЕХАНИКАЛАШТЫРУУ – айыл чарба өндүрүшүндө трактор, комбайн жана башка машинелерди жана шаймандарды колдонуу жолу менен кол эмгегин механикалаштыруу процесси. Мында жер кыртышын терең айдоо, бир эле убакта үрөн себүү жана жер семирткич чачуу, өсүмдүктөрдү азыктандыруу жана башка жумуштарды аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Айыл чарба өндүрүшүн механикалаштыруунун негизинде эмгек өндү­рүмдүүлүгү 5‑6 эсе өсүп, күч жумшоо 4 эсе төмөндөйт. Айыл чарба өндүрүшүндө асма машинала­ры жана шаймандары чиркеме машиналарга ка­раганда көп колдонулат. Анткени асма маши­налар жеңил келип, колдонууга ыңгайлуу. Мында тартуу күчү аз талап кылынат жана агрегат тез-тез бурулуп иштөө кыймылы жогору. На­тыйжада күйүүчү май 10-15% ке аз сарпталат. Айыл чарбасын механикалаштыруунун теориялык жана эксперименттик негизде­рин орус илимпозу ВАСХНИЛдин академиги В. П. Го­рячкин биринчи болуп түзгөн. Тоют даярдоодо тоют иштетүүчү, таратуучу жана сапатын тек­шерүүчү өзү жүрмө машиналар колдонулат. Ме­ханикалаштыруунун эң жогорку түрү – айыл чарба өндурүшүн автоматташтыруу менен катар электрондук-пландоо жана башка эсеп-кысап иштери да механикалаштырылат. Ы. Ж. Осмонов.