АЙЫЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:46, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙЫЛ – коомдук, социалдык, аймактык бирикменин түрү. Ал туугандыгы жакын, бир урукка кирген 10–40 түтүндөн турган. Айылга бир же бир нече атанын балдары кирип, түпкү атала­рынын аты менен аталган. Анын жайыты, кыш­тоосу, мүрзөсү бир болуп, конуп‑көчкөндө айыл­дагылар чогуу болушкан. Мындай жайгашуу согуштук‑саясий кырдаалга жараша болгон. Кооптуу мезгилдерде жакын‑жакын жайгашып, капыстан боло турган кол салуучуларга тез жыйылып, сокку бергенге ылайыкташтырыл­ган. Тынчтык мезгилде бир нече чакырым суу бойлой жайгашкан. Айылдын башкаруу бийлиги бир нече баскычты басып өткөн.

Файл:АЙЫЛ 19.png

Адегенде айыл бир гана уруктун түтүндөрүнөн тургандыктан, жогорку бийлик айыл аксакалынын колунда бо­луп, Айыл ичиндеги бардык маселелерди чечкен. Кийинчерээк айылга чоочун, башка уруктун мүчө­лөрү кошула баштагандан кийин бийликти бай, оокаттуу бүлөлөр ээлей баштаган. Бара‑бара айылда өзгөрүүлөр күч алып, көчмөн шартта жа­ралган көп салттар бузула баштаган. Совет бий­лигинин мезгилинде Кыргызстандагы көчмөн айылдар кыштактарга жанa колхоздорго биригип, 20‑кылымдын 40‑жылдарынын башында толугу менен отурук­ташкан. Учурда айылдар туруктуу отурукташкан конушка айланып, расмий аймактык башкаруу бирдигин билдирет. Айылдарды башкарууну айыл өкмөттөрү ишке ашырат.

                                                                                                                                                                                 А. Көчкүнов.