АЙША

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:46, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙША (614-жыл чен, Меке – 13. 7. 678, Медина) – Мухаммед пайгамбардын кичи аялы, биринчи халиф Абу Бакрдин (Абу Бекр) кызы. Ал му­сулманчылыкты алгач кабыл алгандардын би­ри, пайгамбардын шериктеши болгон. Пайгам­бар менен өткөргөн 9 жыл ичинде андан абдан көп диний сабактарды алган. Айша жамаатта көрү­нүктүү орунду ээлеп, халифтик бийлик үчүн бол­гон саясий күрөшкө активдүү катышат, халиф­тикке жеткен Алинин (Азирет Алинин) душ­мандары тарабына өтөт. Айша 656‑жылы болгон «төө­чөндөр согушуна» өзү катышат. Согушта Али­нин жеңишине байланыштуу саясий күрөштөн четтеп калган. Мухаммед өлгөндөн кийин «му­сулмандардын энеси» деген атакка ээ болгон.
Б. Солтонбеков.