АЙРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙРЫ, б е ш и л и к – айыл чарба шайманы. Мурда жыгачтан, кийин темирден жасалып, жыгач сапталат. Айры негизинен чөп, саман чөмөлөөдө, ташууда, үйүүдө, жүктөөдө жана башка иштерде кол­донулуп келген. Анын бир нече илик (экилик, үчилик, төртилик, бешилик) түрлөрү бар. Айры айрым жерлерде бешилик деп да аталат.