АЙРАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:25, 17 Июль (Теке) 2025 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙРАН – сүттөн уютулуп жасалган эзелки ак азыктарынын бири. Ал кой, эчки, уй жана топоз­дун сүтүнөн уютулат. Уйдун сүтүнө төөнүн сүтүн аралаштырып, айран уюткан учурлар да кезигет. Бышырылган жылуу сүттү уютуш үчүн ага уют­ку (айранга кичине сүт кошуп, чалат) куюп, идишти жылуулап жаап, уюп жаткан учурда «чочуп» калбас үчүн орунтуктуу жерге 4–6 саат коюшат. Айрандан сүзмө, сүзмөдөн курут жасалат. Айранга жаңы саалган чийки сүттү кошуп аралаштырып, бир ууч талкан чалса «кою тамак», тартылган сүт уютулса көк айран, сорпого кошул­са – ак серке, талкан же таруу кошулуп уютулса аш айран, суу кошсо чалап деп аталат.