АЙНЕК КУМУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:43, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙНЕК КУМУ – айнек чыгарууга пайдалануу­чу кварцтуу кум. Айнек кумунун таза сортторунда кремнийдин кош кычкылы Si02 99,5‑99,9% ке жетет. Айнек кумунда кремнийден башка алюминий, кальций, магний, калий жана натрийдин кыч­кылдары да болот. Эгер айнек кумунда темир менен хромдун кычкылдары жана органикалык заттардын ко­шундулары болсо, тунук айнек жасоого зыянын тийгизет. Айнек чыгарууда кварцтуу кумдун 0,2‑0,5 мм өлчөмдөгү бүртүкчөлөрү 85‑90% болушу зарыл. Кыргызстанда Сөгөтту кварц куму кени менен Сулукту кварц куму кени айнек кумунун ири кен­дерине кирет.