АЙЛАНУУ БЕТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:59, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙЛАНУУ БЕТИ – тегиздиктеги ийри сызык­тын ошол эле тегиздикте жаткан октун тегере­гинде айлануусунан пайда болгон бет. Айлануу бетине мисал болуп сфера эсептелет, анткени аны тегиздикте жаткан жарым айлананын диаметри­нин айланасында айландыруудан пайда болгон бет катары кароого болот. Айлануу бетинин анын огу аркылуу өткөн тегиздиктер менен кесилишкен ийри сызыктар меридиандар деп аталат, ал эми айлануу бетинин окко перпендикуляр тегиздик менен кесилишкен ийри сызыктар параллелдер деп аталат. Эгер айлануу огу боюнча Охуz тик бурчтуу координата системасынын Оz огу багытталса, анда айлануу бетинин параметрдик теңдемесин төмөнкү­чө жазууга болот: х = f(и)cosv, у = f(и)sinv, z = и, мында f(u) – функция меридианды анык­тайт, ал эми V – бурч.

Б. Э. Канетов.