АЙЛАНМА КАПИТАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:42, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙЛАНМА КАПИТАЛ – өндүрүштүн цикли аяктаганга чейин айланчу өндүрүш каражатта­ры; Айланма капитал туруктуу капиталдын (сырьё, матери­алдар, энергия, отун, бүтө элек өндүрүш) жана өзгөрулмө капиталдын элементтеринде жүзөгө ашырылат. Айланма капитал наркы продукцияны сатып өткөрүүдө ишкерге толук кайтарылып берилет. Капиталдын негизги жана айланма болуп бөлү­нүшү өндүрүш капиталына тиешелүү жана жү­гүртүү капиталына (товардык жана акча) кир­бейт. Айланма капиталды өндүрүш капиталынын бир бөлүгү катары К. Маркс ачкан. А. Смит аны товардык же соода капиталы катары караган. Д. Рикардо айланма капиталын жумушчу күчүн сатып алууга жум­шалган чыгымга окшоштурган. Азыркы батыш экономика теориясы айланма капитал түшүнүгүн бөлүп ка­рабайт. Иш жүзүндө ал айланма өндүрүш капиталы менен катар жүгүртүү, товардык жана акча капиталын камтуучу жалпы күндөлүк актив­дерди түшүндүрөт.

Айланма каражаттар.