АЙЛАМПА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:37, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙЛАМПА, и р и м, а й л а н к ө ч ө к - дарыянын же деңиздин үстүнкү бетиндеги айрым жерлерде

суунун имерилип оргуп агышы­нан пайда болгон ирим. Айлампа көлмөлөрдө же агын сууларда эки агымдын кездешкен жеринде, суу нугундагы чуңкур жерлерде же анын жээгинде чыгып турган урчуктарды имерилип агарда, ошондой эле суу нугунун кескин жайылып кетер ал­дында пайда болот. Ал эми деңиздерде ташкын жана тартылуу толкундарынын, ошондой эле карама­-каршы агымдардын кошулган жерлеринде жа­ралат. Айлампанын диаметри бир нече смден, океан­дарда бир нече кмге жетет.