АЙДАРОВ Ташпай

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:40, 26 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Турганбаев Элебай тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙДАРОВ Ташпай [1919, Россия империясы, Фергана (азыркы Жалал‑Абад) облусу, Наманган уезди (азыркы Чаткал району), Чаткал өрөөнү – 15. 01. 2010, Кыргызстан, Жалал‑Абад облусу, Чаткал району, Каныш‑Кыя кыштагы] – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1971). 1932‑жылдан Чаткал районундагы «Победа» колхозунда колхозчу, баш чабан, 1958­-жылдан «Чаткал» совхозу­нун (азыркы «Каныш‑Кыя») баш чабаны.

Файл:АЙДАРОВ51.png

Койдун санын көбөйтүүдө жогорку ийги­ликтерге жетишип, 1970‑жылы ар жүз тубар койдон 140тан козу алып, чыгашасыз асы­раган, ар койдон 4,2 кг жүн кыркып алган. 1975‑1980‑жылдары Кыргыз ССР Жогорку Со­ветинин депутаты. Эки Ленин ордени менен сыйланган.