АЙДАРААЛЫ Бейшүкүр уулу

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:40, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙДАРААЛЫ Бейшүкүр уулу (лакап аты Айда­раалы Жөргөлөк; 1851, азыркы Талас облусу, Кара-­Буура району, Кызыл‑Адыр айылы – 1934, ошол эле жерде) – комузчу, куудул, ырчы.

Файл:Айдараалы Бейшүкүр.jpg

Айдараалынын ко­музга, ырга шыктуулугу, куудулдугу бала ча­гында эле көрүнгөн. «Курманбек», «Кожожаш» өңдүү кенже эпосторду айтып, өзү да сатиралык мүнөздөгү ырларды чыгарган. Кыякчы, чоорчу да болгон. Ал калк арасына комузчулук өнөр менен таанылган. Элге кеңири белгилүү чыгарма­лары: «Ак кочкор каңкы», «Канышбек», «Сары барпы», «Иле менен Каратал», «Дубананын жар салганы», «Ак токту», «Сурнай күү» жана башка. Ал ар бир күүнү ыр менен коштоп, күүсүнүн ыргагына жараша кебете‑кешпирин кубултуп, топусун төбөсүндө ойнотуп, ордунда жөрмөлөп, кол ой­нотуп аткарган. Ошондуктан эл аны Айдараа­лы Жөргөлөк атка кондурган. «Дүнүйө», «Сен», «Сен дүнүйө», «Кол ойнотмо», «Айдараалынын алты кайырмасы» сыяктуу күүлөрдү чыгарган. Анын «Көйрөң күүсү» – комузчулар ансамбли­нин репертуарындагы негизги номерлерден.
Ад.: Алагушов Б. Кыргыз комузчулары жана комуз күүлөрү. Ф., 1961.