АЙГЫР ЖАЛ кыштагы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:12, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙГЫР-ЖАЛ – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыш­так. Баш‑Дөбө айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 8 км батыш тарапта, Кара‑Суу темир жол бекетинен 64 км. Деңиз деңгээлинен 940 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3091 (2014); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, амбулатория бар. 1965–1968‑жылдары Кем­пир‑Абад суу сактагычынын курулушуна байланыштуу мурдагы Жаңы‑Жол кыштагынан башка жерге көчүрүлүп, азыркыча аталып калган.