АЙБИКЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:17, 3 Апрель (Чын куран) 2025 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙБИКЕ, М а д а н и я т – Баткен облусунун Лейлек районундагы кыштак. Тогуз‑Булак айыл аймагына караштуу. Ак‑Тайлак тоосунун этегинде, деңиз деңгээлинен 1400 м бийиктикте, Лейлек–Баткен автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Исфана шаарынан 27 км чыгыш тарапта. Пролетарск темир жол бекетинен (Тажикстан) 72 км. Калкы 3045 (2023); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.