АЙБАШЕВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:42, 26 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙБАШЕВА Канымкүл (1901‑1940) – актриса, кыргыз театр искусствосунун эң алгачкы өкүлдөрүнөн, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1939). Анын чыгармачылык иши театр студиясынын ачылышы (1926) менен байланыштуу. Театрда белгилүү ролдору: Бүбүкан (М. Токобаев, «Кайгылуу Какей», 1927), Күлсүн (К.Жантөшев, «Карачач», 1929), Анна Андреевна (Н. В. Гоголь, «Текшерүүчү», 1929), Эшимдин аялы (Р. Шүкүрбеков, «Жапалак Жатпасов», 1936), Токтордун байбичеси (Ж. Бөкөнбаев, «Алтын кыз», 1937) жана башка. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.