АЙ-ТАМГА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:38, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙ-ТАМГА – Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Төөлөс айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Ноокат шаарынан 33 км батыш тарапта, Кызыл‑Кыя темир жол бекетинен 15 км. Деңиз деңгээлинен 1840 м бийиктикте. Калкы 2 887 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, төрөт үйү, медпункт, чайкана бар. Атынын келип чыгышы кыргыздын бир уруу­суна байланыштуу.