АЗОСПЕРМИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:17, 26 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЗООСПЕРМИЯ (а... жана гр. zoon – тирүү жан­дык, sperma – эркек уругу) – эркектин жыныс суюктугунда урук клеткасынын (сперматозоид­дердин) жоктугу. Азооспермия жыныс бездери, урук түтүктөрү начар өөрчүгөндө же түрдүү ооруга (котон жара, астынан сезгенүү, жыныс безинин шишиги, кант оорусу, уулануу жана башкалар) чалдык­канда пайда болот. Жыныс суюктугун микроскоп менен изилдеп текшергенде аныкталып, оорунун себептерине жараша дарылоо жүр­гүзүлөт. Азооспермия эркектин тукумсуздугунун себебинин бири.