АЗОНАЛУУЛУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:11, 26 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЗОНАЛУУЛУК (а... жанa грекче zone – алкак, зона) ­белгилүү бир аймакта зоналуулук закон чене­минен тышкары өзгөчө бир табигый кубулуш­тун таралышы. Адатта азоналуулук рельефтин геологиялык түзүлүшүнө, тектоникалык режимине, морфострукту­расына жана башка эндогендик факторлоруна байланыштуу. Азоналуулук климаттын, суу режиминин, кыр­тыштын жана органика дүйнөсүнүн өзгөчөлүгү менен айырмаланат. Азоналуулук тоолордо даана байкалат.