АЗИНДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:36, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЗИНДЕР – циклде көмүртек атомдорунан тыш­кары эң кеминде бир атом азоту бар бирикме­лер. Гетероциклинде бир атом азоту бар Азиндерге пиридин (I) жана хинолин (II); эки жана андан көп атом азоттууларга диазиндер (III) жана триазин­дер (IV) кирет. Ядродо азоттон тышкары башка гетероатомдору бар Азиндерге оксазин (V) жана тиазин (VI) таандык:

Файл:АЗИНДЕР31.png

Азиндер негиздик касиетке ээ, кислоталар менен туздарды пайда кылат. Алар түрдүү медициналык каражаттарды, ууландыруучу газдарды, баалуу азин боёкторун алууда колдонулат. Азиндердин көпчүлүгү тирүү орга­низмге эң керек ДНК менен РНКнын негизги ку­рамын түзөт.