АЗДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:57, 25 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЗДАР, а з б у д у н – орто кылымдагы жазма булактарда, рун жазууларында кездешкен калк­тын аты. Жазма булактарда түргөштөр: тухси жана аз деп экиге бөлүнгөн. Тон‑Йукукка арналган жазууда Көгмөн тоосун ашып, кыргыздарды чабаарда, өздөрү мурда багындырган талаа тилкеден келген аз уруусунун бир адамын жол көрсөткүч катары алышат. Тексттин кийинки саптарына карап болжогондо, жергиликтүү жол көрсөткүч жолдон адашканы үчүн сайып өлтү­рүлгөн. Л. П. Потаповдун пикири боюнча Аздар мурун Тыванын батышында жашап, 716‑жылы Чыгыш Түрк кагандыгы тарабынан талкалан­ган соң, басымдуу бөлүгү түштүк-батышка ооп, Жети‑Суудагы түргөштөргө кошулган. Калган­дары Саян‑Алтай элинин ичинде өзүнчө топту түзүп калышкан. Күлтегинге арналган жазууда аз уруусу кыргыз элин курап келдик «аз кыр­кыз будуныг йарат келтимиз...» деп Барсбектин эли аталат. В. Я. Бутанаев Енисейдеги Кыргыз мамлекетинин башкаруучу уруусу Аздар аталган деп болжойт.

К.Табалдиев.