АЖЫРАТКЫЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:33, 25 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЖЫРАТКЫЧ э л е к т р д и к – обочолоткучка (изоляторго) бекитилип, кыймылдуу жана кый­мылсыз тиймектерден турган электр техникалык тү­зүлмө. Анын негизги кызматы электр тизме­гинин кээ бир бөлүктөрүн агын (ток) жок кез­де ажыратуу жана алмаштырып бириктирүү. Ажыраткыч электр тизмегинде көрүнүүчү ажырымды түзөт жана жогорку чыңалуудагы бөлүштүрүүчү түзүл­мөлөрдүн өчүрүлгөн бөлүгүндө негизинен уту­румдук жана оңдоо ишин жүргүзүүдө коопсуз­дукту камсыз кылат. Ажыраткычтын ч а б ы л у у ч у (6­10 кВтук чыңалууда, бычагы кыймылдуу тий­мектик тегиздикте чабылат), а й л а н у у ч у (35 кВтон 500 кВко чейинки чыңалууда, бычагы жерге жарыш тегиздикте айланат), п а н ­т о г р а ф т ы к (чыңалуусу 500‑750 кВтук, бычагы пантограф түрүндө жыйналып‑жазыла турган), а с ы л м а жана башка түрлөрү болот.