АЖЫКЕЕВ Эсенкан

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:24, 25 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЖЫКЕЕВ Эсенкан (1924, Нарын облусу, Жумгал району, Баш-Кууганды айылы -­ 30.7.1989, Россия ) – шахтер, өндүрүш алдыңкысы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). 1939-жылдан Нарын музыкалык театрында солист болгон. 1942-­1949‑жылдары Советтик Армиянын ката­рында кызмат кылган. 1951-жылдан рудникте катардагы бургулоочудан мастерге чейин ишге­ген. Кийин мастерге чейин көтөрүлгөн. Ажыкеевдин бригадасы эмгек­теги зор ийгиликтерге же­тишкен. Эки жолу Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган. 1979-жылдан ардактуу эс алууга кеткен.