АЖЫДААР ТООЛОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:35, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЖЫДААР ТООЛОРУ (бур тилинде Draken sberg) – Түштүк Африкадагы Чоң Тектир бөксө тоосунун бир бөлүгү. Ортонку бөлүгүнө Лесото тайпак тоосунун чыгыш чети кирет. Бийиктиги 3482 мге чейин (Табана‑Нтленьяна чокусу). Негизинен кумдук тоо тегинен туруп, аны базальт жаап жатат. Нымдуу чыгыш капталдарында 1200 м бийиктикке чейин тропик токою (азыр дээрлик кыйылган), каксоо беттеринде саванна жана бадалдар өсөт.