АЖЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:34, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЖЕК, К о м с о м о л – Жалал‑Абад облусунун Ала‑Бука районундагы кыштак. Биринчи Май айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Ала­-Бука кыштагынан 46 км түштүк-батыш тарапта. Наманган темир жол бекетинен 55 км аралык­та. Деңиз деңгээлинен 920 м бийиктикте. 1954‑жылы оту­рукташкан. Калкы 2 925 (2022); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, медпункт, китепкана бар. Те­гирмен, май жуваз иштейт.