АДСТРАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:32, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДСТРАТ (лат. ad – жанында жанa stratum ­катмар, кабат) – ар түрдүү элдердин узак мезгил аралаш же жанаша жашагандыгынын на­тыйжасында ар башка тилдердин (эки элдин тили) бири-бирине таасир тийгизишинин тилдик системадагы жыйындысы. Адстрат субстрат жана суперстрат терминдеринен айырмаланып, тилдердин өз ара таасиринин бейтарап тиби болуп саналат. Ал этникалык жактан эки эл ассими­ляцияланбайт, бир тил экинчи тилге аралашып, сиңип жок болуп кетпейт дегенди туюндурат. Адстрат кубулушу өз алдынча эки тилдин ортосунда­гы катмарды түзөт да, аралаш билингвизмди туюндуруу үчүн да колдонулат.