АДМИРАЛТЕЙСТВО АРАЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:19, 25 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДМИРАЛТЕЙСТВО АРАЛДАРЫ – Тынч океандагы аралдар тобу. Жанар тоодон жанa шуру (коралл) аралдарынан турат; Бисмарк архипелагында. Арал Папуа‑Жаңы Гвинея мамлекети­нин аймагы. Аянты 2072 км2, эң чоң аралы ­Манус (1600 км2). Калкы 40 миңдей. Бийиктиги 718 мге чейин (Манус аралында). Айрым аралдары токой менен капталган. Кокос, пальма плантация­лары бар. Балык кармалат. Башкы шаары – Ло­ренгау. Аралда европалыктардан алгачкы жолу 1527–1529‑жылдары испан деңиз саякатчысы А. Сааведра болгон.