АДЕН БУЛУҢУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:05, 24 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДЕН БУЛУҢУ – Араб деңизинде, Араб жана Сомали жарым аралынын аралыгында. Баб‑эль‑Мандеб кысыгы аркылуу Кызыл деңиз менен туташат. Узундугу 900 кмдей, жазылыгы 300 кмге, тереңдиги 4525 мге чейин. Деңиз ташкыны (бийиктиги 2,9 мге чейин) болуп турат. Негизги порту – Аден шаары.