АДАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДАЛ, х а л а л (ар. ‒ «эркин», «байланбаган») ‒ шарият мыйзамдары боюнча адамга уруксат этилген, ислам этикасына жооп берген иш-аракеттер, нерселер: 1) жегенге жарамдуу азык-түлүк; 2) адамдын ички тазалыгы; 3) таман акы, маӊдай тер менен табылган киреше; 4) ажылыкка барып келип, кайрадан өз ишине кайрылып, күндөлүк турмушта жашоосун уланткан адамдын абалы жана башкалар. Башкача айтканда исламда тыюу салынган иш-аракеттерге карама-каршы түшүнүк, к. Арам, х а р а м.