АДАБИЙ МУЗЕЙЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:23, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДАБИЙ МУЗЕЙЛЕР ‒ жалпы бир улуттун же өлкөнүн адабиятынын тарыхына, ошондой эле көрүнүктүү жазуучуларынын өмүрүнө, чыгармачылыгына байланыштуу улуттук тарыхый мааниге ээ документтер, кол жазмалар, түрдүү эскермелер жыйналып, сакталуучу маданий жай. Кыргызстанда музейлер 20-кылымдын 20-жылдарында уюшула баштаган. Музейлер элдин тарыхый-маданий мурасын сактоонун жана даӊазалап жайылтуунун негизи болуп эсептелет, алар иш мүнөзү боюнча үч багытта жүргүзүлөт: 1) экспонат чогултуу, эсепке алуу, кайталоо, сактоо, бардык экспонаттарга илимий баяндама жазуу; 2) көрүүчүлөр үчүн даярдалган дайыма иштөөчү, илимий негизделген экспозициялар; 3) элдин маданий, тарыхый мурастарын экспозициялар, көргөзмөлөр, иш-чаралар аркылуу аларды массалык-маалымат каражаттарында (ММК) жарыялоо менен пропагандалоо. Кыргызстанда Токтогул атындагы адабият музейи (Бишкек шаары), А. Осмонов музейи (Панфилов району), Ч.Айтматов музейи (Талас облусу) иштейт.