АГРОМЕЛИОРАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:53, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГРОМЕЛИОРАЦИЯ ‒ жерди мелиорациялык жакшыртууга багытталган илимий, уюштуруу-техникалык, экономикалык жана өндүрүштүк система. Агромелиорация иштетилүүчү жер бетин пландоо, жер алдындагы сууну төмөндөтүү, шор топурактын тузун азайтуу, топурак жана суу ресурстарын башкаруу, сугаруу режимин жана системасын жакшыртуу, топурак сактоочу токой тилкелерин тигүү, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жогорулатууну программалоо жана башка иш-чараларын камтыйт.