АГРОЛАНДШАФТ КАРТАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:51, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГРОЛАНДША́ФТ КАРТАСЫ ‒ топурак кыртышынын структурасы менен кошо түрдүү табигый жана айыл чарба өзгөчөлүктөрүнө мүнөздүү участоктор чогуу чагылдырылган карта. Бул участоктор аймакты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектеген көрсөткүчтөрдүн (кыртышы жуулуп кеткен, ашыкча нымдуу, таштуу жана башка жерлер) негизинде бөлүнүп алынат, аны айыл чарба өндүрүшүнүн экологиялык, экономикалык жактарын караган мекемелер пайдаланат.