АГРЕГАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:26, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГРЕГАТ (лат. aggregatus ‒ бириктирген) ‒ кандайдыр бир татаал машинанын бир нече тетиктери кошулуп, толук бир бүтүндү түзгөн бөлүгү же түйүнү. Бул түйүндөр айрым функцияларды өз алдынча аткарып, бири-бирин толук алмаштыра алат. Агрегаттын түрлөрү: 1) машинанын Агрегаты ‒ технологиялык процессте машинанын белгилүү функция аткарган, өз ара алмашууга жарамдуу бир бөлүгү (мисалы, электр кыймылдаткыч, насос жана башка); 2) бир курамда иштеген бир нече машинанын механикалык бирикмеси (мисалы, айдоо Агрегаты трактор, соко жана башка); 3) минералдардын жана алардын өсүндүлөрүнүн жыйындысы (мисалы, кварцтын, слюданын Агрегаты).