АГГЛЮТИНАТИВДИК ТИЛДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:08, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГГЛЮТИНАТИВДИК ТИЛДЕР ‒ жалганмалуу же мүчөлөнмө тилдер. Алар негизден же уӊгу сөздөн кийин түрдүү мүчөлөр жалгануу аркылуу сөз жасоо жана сөз өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Агглютинативдик тилдерде уӊгу сөзгө ар түрдүү мүчөлөр жалгануу аркылуу ар түрдүү грамматикалык формалар пайда болот. Азиядагы, Африкадагы, Океаниядагы көпчүлүк тилдер (мисалы: түрк, монгол, венгр, полинезий, банту жана башка) агглютинативдик тилдерге жатат.