АГВАН ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:20, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГВАН ТИЛИ – байыркы Кавказ албандарынын тили. Нах-Дагестан тилдеринин лезгин тобундагы өлүү тилдерине кирет. 10–12-кылымдарда Кур дарыя бассейинин сол жээгинде (азыркы Азербайжандын түндүгүндө, Грузиянын чыгышында жана Дагестандын түштүк тарабынын бир бөлүгүндө) кеңири тараган. Бара-бара түрк диалектилери, армян жана грузин тилдерине сиңип жоголуп кеткен. Агван тили байыркы Кавказ Албаниясынын 26 уруусунун бири гаргарлардын тили деп эсептелет жана фонетикалык түзүлүшү (фаренгалдуу үндүүлөр басымдуу), диалектиси боюнча Азербайжан Республикасынын Габалин районуна караштуу Ниж айылында жашаган удиндердин тилине жакын. Агван тили азырынча толук өздөштүрүлгөн эмес.